​Өз өлкөсүндө кылмышка шектелген казакстандык эки жаран кармалды

  • 5 лет мурун

Бишкек шаарында жүргүзүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө өз өлкөсүндө экономикалык кылмыштар үчүн издөө жарыяланган Казакстандын эки жараны кармалды.

Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарынын кичирайондорунун биринен 1990-жылы туулган Е.Ж. жана 1983-жылы туулган А.А. аттуу Казакстандын жарандарын кармады.

Кармалгандар Жамбыл облусунун тургундары болушат. Алар өз өлкөсүндө экономикалык контрабандага жана улуттар аралык уюшулган кылмыштуу топту түзүүгө шектелүүдө.

Кармалган жарандар Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты