​Өзбек парламенти түрмөдө отургандарга пенсия чектөөнү сунуштады

  • 5 лет мурун

Өзбекстан парламентинин төмөнкү палатасы түрмөдө отургандарга пенсия төлөөнү сунуштады.

Бул боюнча тиешелүү мыйзам долбоору даярдалууда.

Парламенттин маалымат кызматы «Бүгүнкү күндө түрмөдөгү пенсия курагындагы жарандардын жалпы саны миңге чукул. Жаза өтөө учурунда аларга пенсия берүүнү токтотуу – укуктарын чектөө менен барабар» деп белгиледи.

Маселен, Испания, Чехия, Норвегия, Франция, Португалия, Германия, Греция, Нидерланддар, Швеция, Орусия, Украина, Беларус өлкөлөрүндө түрмөдө отургандар жаш курагына жараша пенсия алышат.

Бул арада Беларус, Орусия жана ЕБ өлкөлөрүндө түрмөдөгү чыгымдарды жабуу үчүн мамлекет алардын пенсиясынан 20% кармап калат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты