​Балдар укугу боюнча улуттук форум өтүп жатат

Бүгүн, 25-июнда, Баланын укугу жөнүндө БУУнун конвенциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын бул Конвенцияга кошулганынын 25 жылдыгына арналган Улуттук форум өтүп жатат.

Форумдун ишине Президент Сооронбай Жээнбеков катышты жана сөз сүйлөдү.

Анда мамлекет башчы Кыргызстандын балдарды коргоо боюнча көрсөткүчтөрү жаман эместигин белгилеп, мүчүлүштүктөр тууралуу да айтты.

«Бириккен Улуттар Уюму белгилеген — Миӊ жылдыктын өнүгүү максаттарынын бири — балдардын өлүмүн үчтөн экиге кыскартууга жетишкен 62 мамлекеттин бири.

Кичинекей балдардын өнүгүү көрсөткүчү 72 пайыздан ашты.

Мектепке чейин, 5 жаштан ылдый окутулуп жаткан балдардын саны 64 пайызды түздү.

Мектепке кирүү алдындагы билим 91 пайыз балдар үчүн жеткиликтүү болуп калды» деди Жээнбеков.

2006-жылы Кыргызстан Борбордук Азия мамлекеттеринин ичинен биринчилерден болуп балдар жөнүндө кодексти кабыл алгандыгын, бирок кемчиликтер да орун алганын айта кетти:

«Интернат мекемелерине жөнөтүлгөн балдардын саны азайган жок.

Жер-жерлерде социалдык кызмат көрсөтүүлөр жетишсиз экени белгилүү.

Социалдык коргоо, асыроо, камкордук жана көзөмөлчүлүк системасында кемчиликтер жана коррупциялык элементтер дале жоюла элек.

Коомдо коргоосуз калган балдар зомбулукка, кемсинтүүгө дуушар болгон учурлар көбөйүүдө.

Мамлекеттик жана жергиликтүү органдар, мамлекеттик эмес уюмдар, жалпы коомчулук жапа тырмак киришип, бул жагдайды өзгөртүүбүз зарыл» деди Президент.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты