​Курал менен коргонууга даяр Атамбаев жана башынан айланган кара булут

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин башына кара булут айланды. Өткөн жумада Жогорку Кеңеш Атамбаевди кылмыш жообуна тартуу үчүн анын “экс-президенттик статусунан ажыратуу жана күнөө коюу тууралуу” токтомун кабыл алып, аны Башпрокуратуранын кароосуна жиберген болчу. Эми болсо Бишкектин Биринчи май райондук соту Атамбаевдин жана анын жакын адамдарынын 2009-жылдан берки банктык эсептеринин жана кутуларынын маалыматтары тууралуу документтерди алууга уруксат берди.

Ал ортодо Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүнө өз тарапташтарын чогултуп, мындай кадамдар мыйзамсыз экенин айтты. Бул жыйында сүйлөгөн сөзүндө Атамбаевди элди бөлүп жаруу жана мыйзамсыз аракеттерге баруудан кайра тартпаганы айтылды деп талкуулагандар көп болуп жатат.

“Мага акыркы эки-үч жумадан бери кайра-кайра Чүйдүн өйдөкү айылдарындагы жигиттер келип атат. Мен өзүмдү өзүм коргоп көнгөнмүн да, менин керек болсо өзүмдүн курал-жарагым бар, мен койго окшоп колхоздун башкармасы айтса эле кете бербейм, өзүмдү өзүм коргойм десем балдар мени уят кылып койду, “анда дарбазанын сыртына жатып алабыз деп. Анан аларды сыртка жата бергиле деп кантип айтам?” деди өз сөзүндө Атамбаев.

Аны менен бирге эле Атамбаев сотко барбай турганын айтты. “Анан кийин мындайда Сооронбай менен парламенттеги чимкириктер бир театр кылып жатат. Атамбаевди соттойбуз депчи. Мен алардын сотуна бара турган адам эмесмин. Мен кудайдын сотуна даярмын. Элдин сотуна даярмын. Тарыхтын сотуна даярмын. А мобу уурулардын, чимкириктердин, бети жоктордун сотуна бара турган Атамбаев эмес”,-деди экс-президент.

Коомдук активист Эдил Байсалов Атамбаев аны жоопко тартуу аракетин Сооронбай Жээнбеков менен жеке мамилесинен улам, өч алуу катары көрсөтүүгө аракет кылып жатат деген оюн айтат.

​Курал менен коргонууга даяр Атамбаев жана башынан айланган кара булут

“Бул киши ич күйгөнүнөн мекенибизге коркунуч жаратууда. Кечээ күнү эле баткендикмин деп жүргөн неме, азыр кайра чүйлүк болуп калганын кара. Элибизди экиге бөлүп, бири- бирибизге тукуруп атканын кечире албайбыз дагы, көз жумуп койчу маселе эмес. «Курал жарагым бар» деп айтканы да оюнчук эмес. Колу менен кылганын, мойну менен тартуунун ордуна, Атамбаев элди бөлүп- жарып, бардык маселени Жээнбеков менен жеке тирешке айлантууга кызыкдар.

Бул жерде Атамбаев менен Жээнбековдун ортосунда эмес чыр. Бул жерде кыргыз эли бир тарапта. Бардыгыбыз, жалпы мамлекетибиздин, мыйзамыбыздын, тагдырыбыздын тарабында бирбиз” дейт Байсалов.

Ал эми УКМКнын мурунку төрага-орун басары Марат Иманкулов болсо экс-президенттин мыйзамга баш ийбейм деп атканын сынга алды.

​Курал менен коргонууга даяр Атамбаев жана башынан айланган кара булут

“Ал убагында президент болуп ошол мыйзамдын сакталышын коргоп келген да, эми келип өзү мыйзамга баш ийбейм деп жатат. Президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин тынч эле отура бербейби? Эми кайра- кайра элди чогултуп эмнеге жеткени жатат? Кайра 2010-жылдагыдай элдин канын төккүсү келип жатабы? Тез арада мындай ыплас саясий оюндарын токтотпосо, ошого алып барат. Анан дагы “тапанчам бар, ошо менен коргоном” деп мактанып жатат. Элге тынчтык керек» дейт Иманкулов.

Мурдагы акыйкатчы Бакыт Аманбаев болсо Атамбаевдин бул сөзүндө кооптуу жагдай бар экенин белгилейт.

​Курал менен коргонууга даяр Атамбаев жана башынан айланган кара булут

“Атамбаев сөзүндө бир нерсени ачык айтты “Мыйзамга баш ийбейм, куралым бар, колхоздун айтканын кылбайм” дебедиби. Азыр Атамбаев үчүн дагы, бийлик үчүн дагы чечүүчү мезгил турат. Эгерде бийлик Атамбаевди камай албаса, аброю төмөндөйт. Ал эми бийлик мыйзам чегинде иш алып бара бериши керек. Прокуратура текшерип, Жогорку Кеңеш кол тийбестигинен ажыратып. Атамбаев ал жерде бийликке ачык айтты, “мен силерге баш ийбейм” деп.

Бийликтин канчалык деңгээлде мыйзамдын сакталышын камсыздай аларын эми көрөбүз да. Ал эми элди бөлүп жаруу боюнча айткандары ал анын негизги фишкасы.

Бир жагынан бийлик дагы ошого жол берип жатат. Алгылыктуу эч бир реформа жок. Элдин ишенимин жараткан эч бир жумуш жасалган жок. Жыйынтыгы эмнеге алып барарын убакыт көрсөтөт. Учурда экономика, реформа унутулду.

Реформа болбосо жашоо абалыбыз жакшырбайт. Жалаң эле саясат болуп калат. Мурдагы бийликти жаңы келген бийлик чукуп эле отурат” дейт Аманбаев.

Экс-депутат Асия Сасыкбаева Атамбаев алдын-ала бир нерседен чочулап атканын, мыйзам бузууга баргандан кайра тартпай турганын билдирип койду деген ойдо.

​Курал менен коргонууга даяр Атамбаев жана башынан айланган кара булут

“Атамбаев ал сөзүндө бир нерседен коркоорун билдирип койду. Бирок, эмнеден экени белгисиз. Аны эч ким камайбыз деп айткан жок, күнөөлөрү мойнуна илине элек. Анан эмнеден коргойбуз деп жатышат, белгисиз.

Бул кылгандары анын экс-президент катары деңгээлине жарашпайт. “Мени элим коргойт, элиме ишенем” деп жатып анан курал менен коркутуп жатат. Курал жөнүндө айткандары дагы Конституцияга туура келбейт.

Ал кылмыш болуп саналат. Алдын- ала кылмыш кыларын айтып койбодубу. Ал жерде айткан сөздөрүнүн баары экс-президенттин деңгээлине жарашпайт. Ал эми элди экиге бөлүү боюнча айтылып жаткан сындар боюнча, мен анын сүйлөгөн сөздөрүнөн бөлүүнү деле көргөн жокмун. Бирок, элди бөлүп-жаруу менен элдин бир бөлүгүнө таянуу алсыз саясатчылардын кылган иши” дейт Сасыкбаева.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты