​Казакстанда аскер бөлүгүндө ок-дары кампасы жарылды

  • 5 лет мурун

Казакстандын түштүгүндө, Түркстан облусунда, ок-дары сакталган кампа жарылды.

Бул тууралуу РИА Новости агенттиги билдирди.

Басылманын маалыматы боюнча, аймактын башчысы Умирзак Шукеев:

«Облус боюнча өзгөчө абал жарыяланган, бардык район, жакынкы элдүү пункттар мобилизацияланган. Азыркы абалга карап, шаарды бүтүндөй эвакуациялаш керек экенин көрүп турабыз» деди.

Өлкөнүн Коргоо министрлиги билдиргендей, Арыс шаарына жакын жердеги ок-дары салынган кампадан өрт чыгып, ок-дары жарыла баштаган.

Аскер бөлүгүнө жакын үйлөрдө жашагандар эвакуацияланды. Жеңил жана орто жаракат алган алты киши ооруканага жаткырылды.

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев жарылуунун себебин тактоо тапшырмасын берди. Окуя болгон жерге Коргоо министри Нурлан Ермекбаев жөнөп кеткени маалымдалды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты