Атамбаевдин тарапташтары анын үйүнө чогулду

Жаңылыктар

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнө анын тарапташтары чогулду. Алар Атамбаевге карата мыйзамсыз аракеттер жүрүп жатканын айтууда.

Болжол менен 250дөн ашык адам чакырылган. Алар Чүй, Ысык-Көл, Талас облустарынын тургундары экени айтылды.

Жогорку Кеңештин депутаттары Карамат Орозова, Асель Кодуранова жана Анвар Артыков да барышты.

Чогулгандардын алдына Атамбаев өзү да жубайы менен барды.