​Акыйкатчы Мамытов Ата Мекендик согуш жыйынтыктарына байланыштуу кайрылуу жасады

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 22-июнь, мурдагы Советтер Союзу өлкөсүндө Улуу Ата Мекендик согуш башталган күн. Ал эми 2020-жылы Улуу Жеңиштин 75 жылдыгы белгиленет.

Ушуга байланыштуу Акыйкатчы Токон Мамытов Улуу Ата Мекендик согуштун жыйынтыктарын, 9-май Жеңиш күнүн, Нюрнберг процессин жана анын чечимдерин тарыхый, рухий, маданий жана адамзаттын материалдык эмес байлыгы деп кароо керек деп эсептейт.

Бул маселе боюнча Мамытов ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук комиссиясынын катчысы Сабира Солтонгелдиевага кайрылып, бул демилгени ЮНЕСКО алдында көтөрүү боюнча билдирүү жасады.

Ошондой эле 9-май-Жеңиш күнүн адамзаттын фашизмди жеңген күнү катары таануу демилгесин көтөрүү боюнча ЮНЕСКО иштери боюнча КР Улуттук комиссиясына кайрылуу жолдоду.

Архивдик сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты