Соцфонддун Сузак райондук жетекчисинин орун басары пенсионерден пара алып жатканда кармалды (Видео)

  • 5 лет мурун

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын райондор аралык бөлүмүнө (финполиция) Ош облусунун Сузак районунан Р.М. пенсияга чыгуу үчүн Сузак райондук соцфондунун жетекчисинин орун басары пара талап кылып жаткандыгы тууралуу кайрылган.

Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Арыз Кылмыш жана Жазыктар бирдиктүү реестрине 326-берене, пара талап кылуу боюнча катталган.

Сотко чейинки өндүрүштө белгилүү болгондой, Соцфонддун Сузак райондук башкармалыгынын башчысынын орун басары А. У. кызмат абалынан пайдаланып, пенсия курагындагы кишиден тиешелүү документти толтуруу үчүн деп 22 миң сом талап кылган. Арыз берүүчүнүн айтымында, мурда ага 13 миң сом берген.

19-июнда тиешелүү иш-чара өткөрүү учурунда өзүнүн кабинетинде 10 миң сом пара алып жатканда Соцфонддун Сузак району боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары А. У. кармалган.

Ал Жалал-Абад ИИБ убактылуу камоо жайына камалган.

Анын баш коргоо чарасы каралат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты