Ат-Башыда экстремист уюм мүчөлөрү кармалды

  • 5 лет мурун

19-июнда Улуттук коопсуздук комитети ИИМ менен бирге Кыргызстанда тыюу салынган диний-экстремисттик «Хизбут-Тахрир» уюмунун мүчөсү болгон 6 кишинин Нарын областындагы Ат-Башы районунда жашаган жерлеринде тинтүү жүргүзгөн.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.

Анын жыйынтыгында тыюу салынган экстремисттик «Хизбут-Тахрир» уюмунун адабияты, уруксат берүүчү документсиз ок атуучу куралдар, 5,45 мм калибр гильзалары, ок-дары салынган темир идиш, бытыра, ноутбук, телефондор жана сим-карталар табылган.

Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кылмыш-жаза кодексинин 314-беренеси, экстремисттик уюмду түзүү боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган кишилер Нарын шаардык ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты