​Алманбет Шыкмаматов: “Кеп-Атамбаевде эмес”

  • 5 лет мурун

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Алманбет Шыкмаматов Жогорку Кеңеш саясий тарыхый чечим чыгарышы керек, бул өч алуу эмес, калыстыкты орнотуу деди.

-Биз бүгүн мыйзам алдында баары бирдей деген принципти орнотсок. Бул резонанстуу окуяны баары карап турат. Мыйзам кынтыксыз иштеш керек.

Биз болгону кол тийбестигин гана караганы жатабыз. Мыйзамга салалы, мыйзамдын жогорку күчү орносун. Кийинки Президент Атамбаев кетирген каталарды кетирбеш керек.

Коюлуп жаткан күнөө демилгелүү гана топтуку, биз тергөө өткөргөн жокпуз, — деди Алманбет Шыкмаматов.

Айта кетсек, экс-президентке мамлекеттик бийликти мыйзамсыз басып алганы, Бишкек ЖЭБин модернизациялоонун жүрүшүндөгү коррупциялык жосундар, кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна катышы, ЖЭБке көмүр сатып алуудагы мыйзам бузуулар, Кой-Таш айылындагы жер тилкесин мыйзамсыз сатып алышы боюнча айып тагылууда.

Комиссия экс-президент Алмазбек Атамбаев мамлекет башчысы болуп турганда өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы боюнча шектелүүгө негиз бар деген жыйынтыкка келген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты