​Жанар Акаев: «Атамбаев саясий репрессия кылса, азыр Текебаев бошотулуш керек эле»

  • 5 лет мурун

Депутат Жанар Акаев бугүнку ЖК жыйынында парламент ар бир көйгөйлүү маселени өз учурунда айтса туура болорун билдирди.

—Мен Атамбаев күчүндө болуп турганда бардык каталарын бетине айткам. Бирок ал азыр президент эмес, күчүн жоготкон. Баарыңар үчүн жооп бере албайм, бирок азыр жыгылганды баса калып тепкилесем, жеке мен үчүн жигиттикке жатпайт.

Атамбаевге байланыштуу жеке өч алуудан, таарынычтардан өйдө болушубуз керек. Ал мурда «антип койду, минтип койду» деген башка маселе.

Системалык жактан алганда өтө жаман өнөкөт болуп, кийин ар бирибиздин өзүбүздүн башыбызга келбесе экен деген тилек.

Азыр ага жасап жаткандай чабуулду бардык органдарга, бардык мыйзамсыз иштерге жасашыбыз керек. Ошондо биз эл өкүлчүлүк милдетибизди аткарган болобуз, -деди депутат Акаев.

Андан ары Жанар Акаев азыркы Президент Сооронбай Жээнбековго кемчилигин айтып туралы деп билдирди.

—Биз Сооронбай Жээнбековго да кемчиликтерди айтып турушубуз керек. Президентке жардам беребиз, анын саясатын колдойбуз десек, ага жаңы иикрамдарды, жаңы Манас Арабаевдерди, Абдил Сегизбаевдерди жаратпашыбыз керек.

Соттор азыр деле өзгөргөн жок. Мына, Канжар Кадыралиевди эркиндикке чыгарып койду.

Эгер Атамбаев саясий репрессия кылса, азыр Текебаев бошотулуш керек эле, — деди Жанар Акаев.

Бүгүн, 20-июнда, Жогорку Кеңеште убактылуу депутаттык комиссиянын экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу корутундусу каралып жатат.

Убактылуу комиссия Атамбаевди алты пункт менен айыпка шектүү деп тапты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты