​Төрөбаев журналисттер Райым Матраимовдун тегерегинде «хайп» уюштурду деп сындады

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 20-июндагы, Жогорку Кеңеш жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев журналисттерди Бажы кызматынын мурдагы төрагасы, эл ичинде «Райым-миллион» деген атка конгон Райым Матраимовдун тегерегинде «хайп», чуу көтөрдү деп сындады.

Азыркы учурдагы коомдогу журналисттерге болгон жакшы мамилени жоготуп албаңыздар деп эскертип өттү Төрөбаев.

«Азаттыктын» өлкөдөн чыгарылып кеткен 700 млн доллар каражат тууралуу иликтөөсү боюнча 5-каналдагы көрсөтүүнү көргөндөн кийин «Азаттыктын» иликтөөсүнө ача пикир туулду деди депутат.

—«Азаттыктын» иликтөөсүндө кимдир-бирөөнүн кызыкчылыгы барбы? Жоопкерчилик деген кайда? — деди Бакыт Төрөбаев.

Депутат журналисттерге маалыматты ким бергенин тактап алуу керектигин, алдамчы, террористтерден маалымат алуу коркунучунан алыс болуш керектигин эскертти.

Эгер журналисттер туура эмес маалымат берсе, аларды жазалаш керектигин айтты.

Ошондой эле Бакыт Төрөбаевдин эскертүүсүнө кошумча кылып, депутат Таабалды Тиллаев инвесторлордун укугун коргоо тууралуу маселе козгоду.

Банк купуя сырлары ачыкка чыгып жаткандыктан, инвесторлор чочулап турат деп депутат Таабалды Тиллаев Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Ушу тапта банк иштеринин купуялуугу боюнча мыйзам жоболору сакталбай, кимдир-бирөөлөрдүн кызыкчылыгы үчүн кайсы адам кайсы банктан канча акча которгону тууралуу купуя сырлар ачыкка чыгып кетүүдө. Ошондон улам, ички инвесторлор да, тышкы инвесторлор да чочулап турат. Мында абал жакшылыктын жышааны эмес»,-деди Тиллаев.

Айта кетсек, «Азаттык» үналгысынын журналисти Али Токтакунов бир нече жыл аралыгында Кыргызстандан кеминде 250 миллион доллар чыгарылып кеткенин «Кыргызстандан чыгарылган миллиондор» аттуу иликтөөсүндө айткан.

Бул сумманын бир бөлүгү чет өлкө жарандарынын атына которулганы белгилүү болгон. 2011-2017-жылдар аралыгында Ош шаарындагы бир нече банктар аркылуу кеминде 700 миллион доллар сыртка которулганын айтып, мындай каражат кайдан табылганын дагы иликтеп жатканын билдирген.

Кыргызстандан чыгарылган сумманын ичинен Айеркин Саймаити аттуу жаран Түркиядан Матраимовдордун атасынын атындагы Исмаил Матраимов атындагы фондго 2 млн 338 700 сом которгонун жазып чыккан.

Бул иликтөөдөн кийин «5-каналдын» журналисти Эльнура Алканова айтылган фактылардын айрым так эместиктери бар экенин айтып чыккан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты