​Жээнбеков Кытай Коомдук илимдер академиясынын өкүлдөрү менен жолугушту

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын Коомдук илимдер академиясынын кызматкерлери менен жолугушту.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчы кытайлык окумуштууларга кыргыз элинин тарыхын терең изилдеп, топтоп жана китеп кылып чыгаргандары үчүн терең ыраазычылык билдирди.

«Биринчи жолу былтыр Бишкекте, кийин Пекин шаарында жолугуп, кыргыз-кытай тарыхы тууралуу кеңири баян курдук. Андан бери бир нече айдын ичинде сиздер тараптан көптөгөн жаңы маалыматтар жана кыргыз тарыхын далилдөөчү андан ары дагы миң жылга чейинки маалыматтар табылды. Биз бул табылгалар үчүн өтө чоң кубанычтабыз», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Кытай коомдук илимдер академиясынын Байыркы тарых изилдөө институтунун чет эл менен байланыш тарыхын изилдөө бөлүмү жана Евразия борборунун директору Ли Цзиньсю академия тарабынан кыргыздардын тарыхы жөнүндө басылып чыгарылган китеп Сооронбай Жээнбековдун түздөн-түз аларга болгон колдоосу менен ишке ашырылганын белгиледи.

Кытайлык окумуштуулар Президент Сооронбай Жээнбековго кыргыздардын тарыхы жөнүндө чыгарган китебин белекке беришти.

Кытай расмий жазма булактарынын маалыматтарына караганда, кыргыздардын биздин заманга чейинки Х кылымдагы маалыматтары табылды. Аны менен буга чейин белгилүү болгон кыргыздардын тарыхы дагы 8 кылымга ары жылган.

Сүрөттөр: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты