​Эсептөө палатасындагылардын айлыгы канча?

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 19-июнда, Жогорку Кеңеште Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов отчет берип жаткан учурда депутат Улукбек Ормонов Эсептөө палатасынын кызматкерлеринин айлык акысы тууралуу сурады.

Марипов Эсептөө палатасынын төрагасы 26 миң 500 сом, аудитор 18 миң 900 сомдон баштап, инспектор 13 миң 600 сомдон баштап айлык алаарын билдирди.

Депутат Ормонов бул айлык анчалык көп эместигин жана миллиондогон каржы бузууларды таап жаткан кызматкерлердин айлык акысы жогору болушу керектигин, антпесе акчага азгырылуу болорун кулак кагыш кылып, алар таап, кайтарган суммадан пайыз акча алаар-албасына да кызыкты.

Төрага кайтарылган каражаттан кызматкерлер түздөн-түз пайыз үлүш албай турганын, бирок бюджеттен Эсептөө палатасына түшкөн 10 пайыз үлүштөн кызматкерлерге сыйлык катары берилерин билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты