​Марипов: «Мамлекеттик органдарда 2 млрд сомдон ашуун каржы бузуу аныкталды»

  • 5 лет мурун

2018-жылы мамлекеттик органдарга аудит жүргүзүү жыйынтыгында 2 млрд 321 млн сом көлөмүндө каржы тартибин бузуулар аныкталган.

Бул тууралуу Эсептөо палатасынын төрагасы Улукбек Марипов Жогорку Кеӊеште Эсептөө палатасынын иши жөнүндө отчет угулуп жатканда билдирди.

Анын ичинде 1 млрд 621 млн сом ордун толтурууга жатса, 1,5 млрд сом ордуна коюлду. Каражаттардын кайтарымы 90 пайызды түздү.

«Ал эми 800 млн сом сарамжалдуу пайдаланылган эмес. Анын ичинде 80 млн сом кайтарылууга тийиш болсо, 59 млн сом ордуна коюлду» деди Улукбек Марипов.

Алардын негизинде 7 кылмыш иши козголду, 15 материал кошумча текшерүүгө жөнөтүлдү, 12 материал боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартылды, 15 материал башка кылмыш иштерине тиркелди» деди ал.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты