Өкмөт мүчөлөрү ант берди

  • 5 лет мурун

Өкмөткө жаңы дайындалган жетекчилер, Өкмөт мүчөлөрү Жогорку Кеңеш жыйынында бүгүн, 19-июнда, ант беришти. Ант берүү аземине Президент Сооронбай Жээнбеков да катышты.

Өкмөттүн аппаратынын жетекчиси-министр Самат Кылжыев, Экономика министри Санжар Мукамбетов, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев, Улуттук Коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаев, Маалыматтык технология жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев ант берди.

Президент Сооронбай Жээнбеков ант берген жетекчилерди куттуктап, аларга ийгилик каалады.

Президент депутаттарга кайрылып, алар менен өлкөдө болуп өткөн ШКУнун Саммити, Кытай төрагасынын мамлекеттик сапары, Монголия жана Индия лидерлеринин расмий сапарлары сыяктуу эл аралык маанидеги ири саясий иш-чаралардан кийин жолугуп жатканын белгиледи.

Жогорку Кеңештен бул саммитке катышкандарды куттуктап, депутаттарга алдыдагы каникулду ийгиликтүү өткөрүүнү каалады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты