“Акнетти” басып алуунун артында ким турат?

Кыргызстанда ишкерликти өнүктүрөбүз, аларга салык же ар кандай кысым аркылуу бут тосуулар болбойт деп бийликтегилер, айрыкча шайлоо алдында элге чоң убада катары билдирүү кылышат.

Ишкерлик бул мамлекетти башкарган чиновниктерге караганда өз эмгеги менен баюу жана өлкө казынасын салык аркылуу толтуруу эмеспи. Бирок, ишкерлерге көзүн кызарткан бийлик буга чейин мыйзамдарды буйтап өтүп рейдерлик жол менен тартып алууну өздөштүрүп алган.

Бир жылдан бери Кыргызстандык ишкер ийгиликтүү ишке ашырып, элди сапаттуу интернет менен камсыздап келген “Акнет” ишканасына аңчылык болуп келе жатат. Тактап айтканда, кылмыш дүйнөсүнө түспөлдөш адамдарды жиберип, текшерүү жана тинтүүлөрдөн кийин жасалма айып тагылып ири өлчөмдөгү айып салды жана ишкананын президенти Кубан Ажимудиновду камакка алды.

Анын кайсыл бир топ рейдерлик жол менен тартып алганда сөзсүз түрдө артында чоң күч турат жана алар баскынчылыктарын мыйзам менен жымсалдашат. Бул практика Акаев, Бакиев жана Атамбаев убагында дагы болуп келген.

Кубан Ажимудиновду жакшы тааныгандар ал орусияда билим алганын, ал жактан тапкан досторунун жардамы менен “Акнет” ишканасын ачкан. Ар бир үтүр-чекиттерине чейин өзү түзүп, бутуна тургузган. Учурда “Акнеттин” кызматкерлерине айлык маяна төлөө кыйынчылыгы жаралды. Деги эле ишкананын ишин солгундатып банкрот кылуу максатындагы тымызын аракет жүрүп жаткандай.

Жарым жыл мурда интернетке өтө чоң таянычы бар экенин айткан ишкананын жетекчиси Кубан Ажимудиновго келип акциялар тууралуу кеп баштап, «Мен башка акционердин акцияларын сатып албай эле өз күчтөрүбүз менен алып койдум. Сен да акцияларыңды берүү боюнча жакшылап ойлон, мен кыргызча алдыңа келип өтүндүм. Мындан аркысын өзүңдөн көрөсүң» деп ачык жана түз эле коркутуп баштаган. Бул сөздөр Ажимудиновдун кабинетиндеги видео байкоого жазылып калып коомдун талкуусунда калган.

Андан ары “Акнеттин” жетекчиси «Финполду жибербей эле коё турчу» деп суранганын угууга болот. Ал эми сүйлөшүүгө келген киши «Финполдон келиштиби? Аларды мен жиберген жокмун. Алар силерди келип текшерерин билчүмүн, бирок алар менден келишкен жок. Мен андан катуу күч колдоном. Сырттагы кымбат унаа сеникиби? Компаниянын эсебинен тээп жүрөсүң да аны? Мен да ошондой кымбат унаа мингим келет», — дейт.

Мына бул сүйлөшүүнү толук угуп чыксаңыз бул коркутууга кирген адам бийлик адамдарынан колдоочусу бар экенин ачык эле айткандай түр кылды. Рейдерчилик жол менен тартып алуу өнөкөтү күч алса Кыргызстанга чет өлкөлүк ишкерлер, инвесторлор түгүл өзүбүздүн жарандар ишкерлик менен алектене албай чет өлкөгө кетүүгө аргасыз болгон заман тез эле келип калышы мүмкүн.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты