​Түркмөнстан президенти уулун губернатор дайындады

  • 5 лет мурун

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов уулу Сердарды Ахал облусунун башчылыгынав дайындады.

Бул тууралуу өлкөнүн мамлекеттик маалымат агенттиги кабарлады.

37 жаштагы Сердар Бердымухамедов январ айынан бери аталган облус башчысынын орун басары болгон. Ал- куралдуу күчтөрдүн подполковниги.

2016-жылы түркмөн парламентине депутат болуп шайланган. 2018-жылы тышкы иштер министринин орун басары болуп иштеген.

2017-жылы Сердар расмий сапар менен чет өлкөлөргө барып, жогорку кызматтагы адамдар менен жолуккан.

Жергиликтүү талдоочулар ал атасы менен бирге өлкө ичиндеги иш-чараларга көп катыша баштаганын билдиришүүдө. Алардын айтымдарында, Сердар Бердымухамедовду расмий басылмалар «элдин уулу» деп атап, өлкөнү, анын ичинде дене тарбия жана спорт тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымын белгилеп келишет.

Мындан улам ал Түркмөнстан президентинин мураскери болот деген божомолдор айтылып жүрөт.

Ахал облсунуда 900 миң киши же Түркмөнстан калкынын 14% жашайт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты