​Алмазбек Атамбаев шайлоого Нариман Түлеевден 500 миң доллар карыз алган

  • 5 лет мурун

Экс-президент Алмазбек Атамбаев шайлоо кампаниясында Нариман Түлеевден 500 миң доллар карыз алган.

Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда, экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын жыйынында Түлеевдин кызы Назгүл Түлеева билдирди.

Комиссия жыйынында Назгүл Түлеева атасы Нариман Түлеевдин катын окуп берди.

«Канатбек Исаев бир нече жолу Алмазбек Атамбаевдин мультимиллионер болгонун айтып өттү. Мен аны толук колдойм. Ал менден 500 миң доллар шайлоо кампаниясына сураган. Ал мамлекет башчы болгондон кийин карызымды дооладым.

Андан кийин мага мамилеси өзгөрдү. 2010-жылга чейин, бийликке келгенге чейин бир канча жолу байлыгы жок экенин билдирген. Андан кийин мени жана туугандарымды куугунтуктай баштады. Атамбаев саясатчы жана бизнесмен катары атымды өчүрөйүн деген.

Тергөө учурунда ар кандай шарт менен соодалашуу сунушу болду. Менин мисалымда ал бийлигинин толук үстөмдүгүн көрсөттү» деп жазылган Нариман Түлеевдин катын анын кызы окуп берди.

Жогорку Кеңеште экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын жыйыны өтүп жатат. Депутаттык комиссия Атамбаевге 9 иш боюнча айып тагууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты