​Сооронкулова: «Парламент Атамбаевдин ишине тарыхый баа бериши керек»

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 18-июнда, экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын иши улантылууда.

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова экс-президентти бийликти узурпациялоо боюнча айыптады. Ал экс-президент ишмердүүлүгүн парламенттин жардамы менен жүргүзгөндүгүн билдирди. Биз баарыбыз ага жардам бердик деди ал.

—Парламент экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ишине тарыхый баа бериши керек. Ал маселени референдумга алып чыгыш керек,- деди Сооронкулова.

Депутаттык комиссия Алмазбек Атамбаевди да жыйынга катышууга чакырды.

Комиссия Турсунбек Акунга сөз берген жок, себеби экс-омбудсмендин да Батукаевди бошотууга тиешеси бар деген жүйө келтирилди.

Жыйында Алмазбек Атамбаевдин учурундагы иштер боюнча эксперттер баяндама жасап жатат

Депутаттык комиссия мурдагы мамлекет башчысына тогуз бөлүмдөн турган оор айыптарды коюп жатат. Айыптардын арасында кызмат абалынан кыянат пайдалануу, жерди мыйзамсыз трансформациялоо, Жылуулук электр борборундагы модернизация учурундагы коррупция, Батукаевди мыйзамсыз бошотуу ж.б. иштер бар.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты