​Бишкекте ШКУну өткөрүүгө 73 млн сом сарпталды

  • 5 лет мурун

Бишкекте 13-14-июнда өткөн ШКУ саммитине шаардык кызматтан 73 млн 676 миң сом сарпталган.

Бул тууралуу жыйында Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов билдирди.

Маалыматка ылайык, “Бишкекасфальтсервис” – 40 млн. сом, “Бишкек Свет” – 12 млн. 556миң сом, «Тазалык» – 6 млн. сом, “Бишкек жашыл чарба” – 6,5 млн. сом короткон.

Ал эми Ленин райакимиатына — 2 млн. сом, Октябрь районунав – 1 млн. 334 миң сом, Биринчи май районуна – 3 млн. 675 миң сом, Свердловго – 686 миң сом бөлүнгөн.

Эске салсак, Шанхай Кызматташтык Уюмунун Бишкекте өткөн саммитинде 21 документке кол коюлду. Отурумга ШКУга мүчө 8 өлкөнүн башчысы, 4 байкоочу өлкөнүн президенти катышты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты