​Мигранттар үчүн жайкы үйрөтүү лагери уюштурулат

  • 5 лет мурун

«Адамдын укугу жана кадыр-баркы» долбоору мигранттар үчүн жайкы үйрөтүү лагерин уюштурат.

Лагерге коомдун өнүгүшүнө салым кошууга даяр турган активдүү 40 жаран катышат.

Катышуучулар Кыргызстандын эмгек мигранттарынын кызыкчылыктарын жайылтуу үчүн ар түрдүү тренингдерге катышат.

Лагерлер эл аралык миграция боюнча уюму (МЭАУ), БУУнун миграция боюнча агенттигинин колдоосу менен «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан жана Кыргызстандагы Шайлоо системаларынын эл аралык фондунун өкүлчүлүгү ( IFES) менен бирге АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) колдоосу менен уюштурулган.

Биринчи иш-чара 24-июндан 28-июнга чейин Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан Тосор айылындагы «Ак-Чий» эс алуу аймагында өтөт.

Экинчи иш-чара 8-июлдан 12-июлга чейин, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сары-Булак айылында өтөт.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты