Дүйшөмбү шаарындагы саммитте Жээнбеков уран маселесине кайрылды

  • 5 лет мурун

Дүйшөмбү шаарында өткөн Азиядагы өз ара кызматташуу жана ишеним кеңешинин саммитинде 15-июнда Президент Сооронбай Жээнбеков Борбор Азиядагы уран маселесине кайрылды.

Жээнбековдун айтымында, уран калдыктары көмүлгөн жайлар — аймактык деңгээлдеги маанилүү маселелердин бири жана ал мурдагы СССРден калган коркунучтуу мурас.

Бул маселени чечиш үчүн Кыргызстан 2018-жылы эл аралык деңгээлде бир катар иш-чараларды уюштурган.

«БУУнун Башкы ассамблеясы Кыргызстандын демилгеси менен Борбор Азиядагы радиациялык коркунучтун алдын- алуу боюнча резолюция кабыл алды. Биз айлана-чөйрөнү коргоо багытында өз ара кызматташтык болот деп ишенебиз. Учурдан пайдаланып, Орусия, Казакстанга жана чет элдик өнөктөштөргө уран калдыктарына байланышкан көйгөйдү чечүүдө олуттуу жардам көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирем» деди ал.

Буга чейин коомчулук уранга каршы чыгышкан. Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө байланыштуу чуу чыккан.

Алгач бир катар жергиликтүү тургундар, жарандык активисттер кендин казылышына каршы нааразылык акцияларын өткөрүшкөн.

Ушундан улам Өкмөт кенди казганы жаткан «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясынын лицензиясын токтоткон жана уранды казууга тыюу салган. .

Жогорку Кеңеш «кен иштетилбесин» деген токтом кабыл алган. Президент Сооронбай Жээнбеков уран казылбай турганын айткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты