Аида Салянова ооруканага жаткырылды

  • 5 лет мурун

Экс-баш прокурор, экс-депутат Аида Салянова №1 тергөө абагынан Миррахимов атындагы улуттук кардиология борборуна жаткырылды.

Бул тууралуу Салянованын жакындары билдирди.

Буга чейин Салянованын жүрөгү ооруганы жана ооруканага жаткырууга уруксат болбой жатканы тууралуу айтылып келген.

Экс-баш прокурор Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча 6-июнда камакка алынган. Биринчи май райондук соту Салянованы 26-июнга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Батукаевдин бошотулушу боюнча дарыгер Эмил Макимбетов, лаборант Ирина Цопова, дагы үч медицина кызматкери кармалган. Алардын экөө үй камагына чыгарылды.

Мындан тышкары мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева да шектүү катары кармалып, 22-майда үй камагына бошотулган. Зарылбек Рысалиевдин кеңешчиси Калыбек Качкыналиев камакка алынган. Ошондой эле экс вице-премьер Шамил Атаханов камалып, кийинчерээк үй камагына чыгарылган. Зарылбек Рысалиев суравкка алынган.

Нарындын экс-соту Ж.А. нын жоопкерчилиги карала баштаган. Мурдагы прокурор Майрамбек Акматалиев кармалып, үй камагыначыгарылган..

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты