​Баш прокуратура коррупцияга каршы бирдиктүү эсепке 16 млн сомдон ашык которду

Жаңылыктар

14-июнда Баш прокуратура коррупция менен күрөшүү боюнча атайын эсепке 16 млн 422 556 сом которду.

Бул тууралуу Баш прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Бул--экономикалык жана кызмат учурундагы кылмыштардан өндүрүлгөн каражат.

Аталган эсеп ачылгандан бери Баш прокуратура 409 млн 842 миң 752 сом которду.


ЖаңылыктарБаш прокуратураКоррупцияга каршыатайын эсеп