Жээнбеков ШКУда экономикалык кылмыштар менен күрөш боюнча орган түзүү сунушун киргизди

  • 5 лет мурун

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) алкагында экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча орган түзүүнү сунуштады.

Жээнбеков экономикалык кылмыштар трансулуттук мүнөздө экендигин белгиледи.

«Алар баңгизат соодасы, контрабанда, кылмыштуулук аркылуу келген акчаны адалдоо аракети менен тыгыз байланышта. Жыйынтыгында алар өлкө коопсуздугуна коркунуч жаратат. Кыргызстан ШКУ алкагында экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча атайын орган түзүүнү сунуштайт» деп билдирди президент.

Бишкекте бүгүн, 14-июнда, Кыргызстандын төрагалыгы алдында ШКУ мүчө мамлекет башчыларынын жыйыны өтүп жатат.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты