ШКУ мүчө мамлекет башчыларынын жыйыны өтүүдө

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 14-июнда, Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын чакан чөйрөдөгү жыйыны өтүп жатат.

ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын чакан курамдагы жыйынына Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Индия Премьер-министри Нарендра Моди, Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин, Пакистан Премьер-министри Имран Хан, Россия Президенти Владимир Путин, Тажикстан Президенти Эмомали Рахмон жана Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиеев катышууда.

Ошондой эле уюмда байкоочу макамына ээ болгон Ооганстан, Беларус, Иран жана Монголиянын башчылары да бүгүнкү жыйынга катышуу үчүн келген.

Саммиттин соңунда мамлекет башчылар 30 документке кол коюшары күтүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты