Бишкекте бүгүн Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйыны өтүүдө

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 14-июнда, Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт.

Жыйындын жүрүшүн Коомдук телерадиокорпорациянын “Ала-Тоо 24” телеканалы түз эфирден көрсөтөт.

ШКУга 8 мамлекет мүчө болуп эсептелет. Алар: Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан. Төрт өлкө байкоочу макамына ээ. Алар: Ооганстан, Беларусь, Иран жана Монголия.

Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын жыйынына Индия, Казакстан, Пакистан, Кытай, Россия, Тажикстан, Ооганстан, Беларусь, Иран жана Монголиянын мамлекет башчылары, премьер-министрлери келди.

Бул күндөрү ШКУнун саммитинен тышкары, эл аралык мүнөздөгү башка иш — чаралар да өтөт

Саммиттин жыйынтыгы менен 30 документке кол коюлары күтүлүүдө.

Он бир мамлекет башчысы катышкан мындай саясий иш-чара Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жатат.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты