​Жээнбеков Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынына келген Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Эки тараптуу, анын ичинде ЕАЭБ, ЖККУ жана ШКУ алкагында мамилелердин мындан аркы өнүгүүсүнүн азыркы абалы жана келечеги талкууланды.

Мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаевди президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады жана анын мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Жээнбеков Касым-Жомарт Токаевди Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө дагы бир жолу чакырды.

Казакстан Президенти жаңы шайланган мамлекет башчысы катары алгачкы чет элдик сапар менен Кыргызстанга келгени үчүн кубанычта экенин баса белгиледи.

Касым-Жомарт Токаев боордош Кыргызстан менен кызматташтыкты тереңдетүү жана өнүктүрүү үчүн бардык аракетин жумшай турганын белгиледи.

Расмий сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты