Кыргыз-Кытай бизнес форуму болуп өттү
- 5 лет мурун
Бишкекте Кыргызстан-Кытай бизнес форуму өттү.
Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов «Кыргызстан – Кытай» бизнес-форумунун ишине катышты.
Боронов меймандар менен саламдашуу учурунда белгилегендей, бул иш-чара Си Цзиньпиндин мамлекеттик сапарына жана Шанхай кызматташтык уюмунда төрагалык кылууга арналган.
«Кытайдан келген түз чет өлкөлүн инвестициялардын көлөмү 2018-жылы 338092,6 миң АКШ долларын түзгөн.
КЭР инвесторлору үчүн акыркы жылдары пайдалуу кендерди казуу (54,3), иштетүүчү өндүрүш (23%), профессионалдык, илимий жана техникалык ишмердүүлүк (23%) кыйла жагымдуу тармактар катары саналып келет», – деди биринчи вице-премьер-министр.
Сүрөт: Өкмөттүн маалыматтык кызматы.
Муну бөлүшүү