​Кытай төрагасы Си Цзинпин: “Кыргызстанда чоң, позитивдүү өзгөрүүлөр болду”

  • 5 лет мурун

«Кыргызстанда чоң, позитивдүү өзгөрүүлөр болду» деп белгиледи Кытайдын төрагасы Си Цзинпин бүгүн, 13-июнда Президент Сооронбай Жээнбеков менен кеңири курамдагы жолугушууда.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы белгиледи.

Ал Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка киришкенден кийин өлкө экономикасын өнүктүрүү, социалдык туруктуулукту сактоо, коррупция менен күрөшүү, элдин бакубатчылыгын жакшыртуу боюнча бир катар чаралар кабыл алынганын белгиледи.

«Сиздин ийгиликтериңиз көрүнүп турат. Кең пейил коңшу жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөш катары биз Кыргызстан үчүн кубанычтабыз. Биргелешкен аракеттер менен кыргыз-кытай мамилелери абдан өнүктү, жаңы типтеги мамлекеттер аралык мамилелердин үлгүсүн орноттук» деп белгиледи Кытай мамлекет башчысы.

Си Цзинпин эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди.

«Эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнү пландап, аны жаңы деңгээлге көтөрүүгө даярмын», — деп баса белгиледи Си Цзинпин.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты