Жээнбеков: «Кытайдагы улуттук азчылык боюнча маселе бул өлкөнүн ички иши»

  • 5 лет мурун

Президент Сооронай Жээнбеков Кытайдагы улуттук азчылык боюнча маселе бул өлкөнүн ички иши деп белгиленди. Ошондой эле Тайвань Кытай аймагынынын ажырагыс болугу экенин билдирди.

Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушууда 13-июнда билдирди.

— Кытайдагы улуттук азчылыктар боюнча маселе — бул өлкөнүн ички иши деп эсептейбиз, — деди Жээнбеков.

Кыргыз президенти Тайвань маселеси боюнча да оюн билдирди:

«Тайвань Кытай территориясынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат, ал эми Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү – бүтүндөй Кытайдын атынан сүйлөгөн жалгыз мыйзамдуу Өкмөт» деп белгиледи Жээнбеков.

Ал эми Кытайда башка улут өкүлдөрү, анын ичинен кыргыздар казактар камалып эатат. Кыргыздардан 50 миңдей адам камакта экени айтылууда.

Кыргызстанда Кытайдагы кыргыздарды колдоо комитети түзүлүп, алар Бишкекте кытайлык кыргыздарды абактан бошотуу боюнча митингдерге чыккан.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты