​Тарых музейи качан ачылат? Музейге Усубалиевдин ысымы ыйгарылабы?

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 13-июнда, Жогорку Кеңеш жыйынында депутат Жыргалбек Турускулов Бишкектеги тарых музейи тууралуу маселени дагы көтөрдү.

Депутат турагенттиктер тарых музейин ачуу, аны чет элдик туристтерге көрсөтүү боюнча маселе көтөрүп жаткандыгына, музей качан ачыларына кызыкты.

Ошондой эле мамлекеттик көрүнүктүү ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата анын ысымын тарых музейине ыйгаруу маселесин мурун да көтөргөнүн, ал тууралуу кандай бүтүм болоруна Жогорку Кеңештеги Өкмөт өкүлү Ашырбек Темирбаевге суроо салды.

—Азыр тарых музейи ачыла элек. Туристтерге көрсөтө турган тарых музейин ачып берсеңиздер.

Тарых музейине Турдакун Усубалиевдин ысымын ыйгаруу, анын бир бурчуна Усубалиевдин 100 жылдыгына байланыштуу материалдар коюлса болмок,-деди депутат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты