​Сооронбай Жээнбеков менен Си Цзинпиндин жолугушуусу болду

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 13-июнда, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Президент Сооронбай Жээнбековдун Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

«Ак-Кеме» салтанат жайында Кыргызстандын жана Кытайдын мамлекеттик желектери илинип, Ардактуу кароол тизилген.

Сооронбай Жээнбеков жана Си Цзиньпин Ардактуу кароолду кыдырып чыгышты жана расмий делегациялардын мүчөлөрү тааныштырылды.

Эки мамлекет башчыларынын астында ардактуу кароолдун салтанаттуу жүрүшү өттү.

Андан ары Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кытай Эл Республикасынын Төрагасы кеңири курамдагы жолугушууга багыт алышты.

Мамлекет башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты мындан ары карай тереңдетүүгө багытталган эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.

КЭР Төрагасынын мамлекеттик визитинин алкагында бүгүн Бишкекте кыргыз-кытай бизнес-форуму өтөт.

Сүрөт Президенттин басма сөз кызматы. :

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты