​Монголиянын Кыргызстандагы элчилиги ачылды

  • 5 лет мурун

Монголиянын Президенти Халтмаагийн Баттулга мырза Монголиянын Кыргызстандагы элчилигин расмий түрдө 12-июнда ачты.

Бул тууралуу Тышкы иштер министри министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ачылыш аземинде Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков куттуктоо сөз сүйлөдү.

Өз сөзүндө Монголиянын Президенти Х.Баттулга Элчиликтин ачылышы Монголиянын монгол-кыргыз достугуна чоң маани береринин далили экендигин белгилеп, элчилик эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөчү көпүрө болуп каларына ишеним билдирди.

Катышуучуларды элчиликтин ачылышы менен куттуктап, министр Ч.Айдарбеков, Монголия Кыргызстан үчүн боордош өлкө болуп саналарын, эки өлкөнү илгертен тарыхый жана маданий байланыштар бириктирерин, эки өлкөнүн элдеринин абдан көп жалпылыгы жана туугандыгы бар экендигин белгиледи.

Монголиянын Президентинин расмий сапарынын алкагында алкагында Президент Жээнбековдун Монголиянын Президенти Х.Баттулга менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

Анын жүрүшүндө 2019-жылдын күзүндө Кыргыз Республикасында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-монгол Өкмөттөр аралык комиссиянын үчүнчү жыйынын өткөрүү жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Расмий сапардын алкагында ар кандай тармактардагы тогуз макулдашууга кол коюлду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты