​Бүгүн Сооронбай Жээнбеков менен Си Цзинпиндин жолугушуусу болот

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 13-июнда, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен Сооронбай Жээнбековдун кеңейтилген курамдагы эки тараптуу жолугушуусу өтөт.

Жыйынтыгында эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлат.

Си Цзиньпин 12-июнда Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди.

Эл аралык «Манас» аэропортунан Си Цзиньпинди Президент Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

КЭР Төрагасынын мамлекеттик сапарынын алкагында кыргыз-кытай бизнес-форумун өткөрүү күтүлүүдө.

Ошондой эле Си Цзиньпин Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты