​Сооронбай Жээнбеков Монголия Президенти Халтмаагийн Баттулга менен жолукту

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 12-июнда, Президент Сооронбай Жээнбеков менен Монголия Президенти Халтмаагийн Баттулга менен жолукту.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Ала-Арча» резиденциясынын «Ак-Кеме» салтанат жайында Кыргызстандын жана Монголиянын мамлекеттик желектери илинип, ардактуу кароол тизилген.

Кеңири курамдагы жолугушуунун жыйынтыгы боюнча эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлду.

Монголия Президенти Халтмаагийн Баттулганын Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Мындан тышкары, Монголия Президентинин катышуусу менен Монголиянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин ачылышы болот.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты