​Бишкектин борбор тарабында коомдук унаа азаят

  • 5 лет мурун

Бишкек мэриясы шаардын борборун тыгындардан азайтуу үчүн 90 маршруттук каттамды оптималдаштырууну пландаштырууда.

Шаар борборун, Ош базары жана башка соода түйүндөрүнүн тегерегин иретке келтирүү схемасынын долбоору иштелип чыкты.

Бул тууралуу мэриянын 10-июнда өткөн коллегиясында белгилүү болду.

Мэриянын басма сөз кызматы Чүй проспекти, Ибраимов жана Бөкөнбаев көчөлөрү, Жаш гвардия бульварында каттамдар өзгөрөрүн кабарлады.

Коллегияда бир ай ичинде транспорттук тармак боюнча укуктук-нормативдик базага өзгөртүү киргизүү, автобус жана кичи-автобус каттамдарын бөлүштүрүү жөнүндө сынактын жоболорун даярдоо жана жол эрежелери, техникалык кароо, салык төлөө боюнча сунуштарды иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.

Бишкекте күнүнө 2500 маршруттук такси, 250 автобус жана троллейбус линияга чыгат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты