​Алмазбек Атамбаев кайсы сөздөрүндө калп айтты. Талдайбыз

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин «Коррупцияга каршы реалдуу күрөш үчүн» митингинде сүйлөгөн сөздөрү дагы деле коомдук талкууда. Бул сөздөрүндө чындыкка дал келбеген же бурмаланган учурлар көп болгондуктан, аларга токтолуп, талдап, мурунку сөздөрү менен салыштырып көрүүнү чечтик.

Аида Салянова боюнча

8-июнда «Коррупцияга каршы реалдуу күрөш үчүн» аталыштагы митингде Аида Салянованын Батукаевдин ишине тиешеси жоктугуна ишенерин айтты:

Атамбаев президент кезинде Батукаевди боштондукка чыгаруу үчүн акча сураган, дегенге ким ишенет? Атамбаев бирөөдөн акча сураган эмес, дайыма өзү акча берип келген. Балким Сооронбай Жээнбеков акча алууга аралашкан болушу мүмкүн. Мага каршы көрсөтмө алабыз деп бейкүнөө адамдарды камап жатышат. Салянова жөнүндө айтсам, ал мени бир канча жылдан бери кыйнап келет. Бирок мен анык айта алам, ал бул кылмышка такыр тиешеси жок. Бул жерде башка бир айрым кишилер акча иштеген болушу мүмкүн, бирок Салянова эмес. Мен аны билем, акчаны күйөөсү табат”,-деди ал.

​Алмазбек Атамбаев кайсы сөздөрүндө калп айтты. Талдайбыз

2016-жылы 1-декабрда болсо ушул эле Аида Салянова боюнча такыр башкача пикир айткан болчу:

Мага анын күйөөсү пара алат деген маалыматтар келип, кыш киргенине карабай Бишкек жылуулук борборуна көмүр келбей кечигип жаткан абал жаратканда Аида Салянованы чакырдым. Мен ага “Аида, сенин күйөөң паракор экен, эмнелерди жасап жатканын карачы” деп айттым. Анткени мен Саляновага аябай ишенип келгем. Анын “менин күйөөм андай эмес, мындай болбойт” деп айтканы мени таң калтырды. Анда мен “Аида, сен эс алууга чыгып кел, биз дагы бир жолу сүйлөшөбүз” деп айттым. Мен эмнегедир Салянова эс алуудан келип, “күйөөм өз кылганы үчүн жооп берет, мен болсо ак ниет адаммын” деп айтат деп ойлогом. Бирок ал эс алуудан келип, күйөөсүн дагы коргоду. Чынын айтканда, бир топ адамдар үчүн күйөөсү, аялы, үй-бүлөсү, акча баарынан жогору болуп кетет экен”, — деп билдирген эле.

​Алмазбек Атамбаев кайсы сөздөрүндө калп айтты. Талдайбыз

Раим Матраимов боюнча

Мындан сырткары, Алмазбек Атамбаевдин учурда катуу талкууланып жаткан Раим Матраимов жөнүндөгү ойлору да өзгөргөн.

2010-жылы Апрель революциясынан кийин Алмазбек Атамбаев менен Азимбек Бекназаровдун телефон сүйлөшүүсү тарап кеткен. Анда Бекназаров Раим Матраимовдон аны Түштүк таможнясынын башчысы кылгандыгы үчүн 400 миң доллар пара алынгандыгына нааразычылыгын айтып жаткан. Раимбек Матраимов кийин кызматынан жогорулатылып, 2017-жылдын күзүнө чейин Бишкекте иштеген. Атамбаев ал кызматка Матраимовду өзү дайындаган.Андан кийин Матраимов коррупцияга шектелип, бирок, кылмыш иши козголбостон жумуштан гана алынган.

Ал эми 8-июндагы сөзүндө Раим Матраимов боюнча эч кандай мамилеси болбогонун, болгону бир гана жолу жанынан көргөнүн, Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимовдор Матраимовдун айынан абакта отурганын айтты. Ошондой эле, президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековду Раим Матраимов каржылаганын билдирди.

Раим Матраимов болсо буга чейинки виде кайрылуусунда Алмазбек Атамбаевдин, анын жакын адамы Икрам Илмияновдун колдоосу менен кызматтан кызматка секиргенин, атасы Исмаил Матраимов атындагы фонд уюштурган спорттук оюндарга Атамбаев колу бошобой бара албаганы үчүн өкмөт башчыларды жиберип жүргөнүн айтып чыккан болчу.

2000 сом айлыкты 15 миңге көтөргөнбү?

Ошондой эле Алмазбек Атамбаев мугалимдердин айлыгын 2000 сомдон 15 миң сомго чейин көтөргөнүн айтты:

“Менин ал убакта өзүмдүн көйгөйлөрүм жетиштүү болчу. Өлкөдө акча, свет, жолдор жок болчу. Ош жана Жалал-Абад күйүп кеткен эле. Мугалимдер, врачтар, милиция 2000 сомдон айлык алчу, мен 15 миңге көтөргөм”,-деп билдирди Атамбаев.

Эми расмий маалыматтарды салыштырып көрөлү. Улуттук статистика комитенин маалыматы боюнча, 2011-жылы мугалимдердин айлыгы орто эсеп менен 6000-8000 сом болчу. Ал эми айтылып жаткан 2000 сом айлык Акаевдин учурунда дагы болгон эмес.

​Алмазбек Атамбаев кайсы сөздөрүндө калп айтты. Талдайбыз


Дамир Мусакеевдин беренесинин бурмаланышы

“Эки ай мурунку митингден кийин президент чара көрөт деп ишенгенбиз. Бирок, баары тескерисинче болуп чыкты. Мисал катары Дамир Мусакеевдин мыйзамсыз баюуга айыптылап, камалганы”,-деди Атамбаев.

Бирок, Дамир Мусакеев “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча айыпталган. Ал 2016-2017-жылдары УКМКнын 9-кызматынын жетекчиси болуп турганда кызматтык үйлөрду бөлуштүрүү менен алектенген. Анын жыйынтыгында Дамир Мусакеев өзү, буга чейин үй алгандар, жумуштан чыгып кеткендер дагы турак жай алышкан.

Изи белгисисиз 24 млн

Шайлоо учурунда жана шайлоодон кийин канчалаган акчалар уурдалганын билдим. Жээнбеков 24 млн доллар алып келгенде аябай таң калгам. Баары мага айткандан коркуп жүрүшүптүр. Менин жакын досумдан коркушкан экен”,-деди 8-июндагы сөзүндө Атамбаев.

Атамбаевдин акча жөнүндө айткандарынын чын-калпын билбейбиз. Эгерде бул экс-президенттин ойдон чыгарган фантазиясы эмес, чыныгы факт болсо, анда эмнеге ал жөнүндө азыр гана айтууну чечти. Эмне үчүн президенттикке Жээнбековду «түртүп» жатты? Эмне үчун тиешелүү органдарга айтып, акчанын булагын текшерткен эмес деген суроо туулат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты