Депутат Рысбаев: «Биз чимкирик эмеспиз, биз саясий элитабыз»

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 12-июнда, Жогорку Кеңештин сессиясында депутат Кожобек Рысбаев депутаттарды «чимкириктерге» теңеген салыштырууга төрага Дастанбек Жумабеков жооп кайтарышы керектигин билдирди.

«Биздин укугубузду төрага катары сиз коргошуңуз керек. Биз «чимкирик» депутаттар эмеспиз. Биз кыргыз элинин саясий элитасыбыз» деди депутат Рысбаев.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 8-июнда Бишкекте өткөн митингдеги сөзүндө жана андан мурда Жогорку Кеңештин депутаттарын Президент Сооронбай Жээнбековдун жетегинен чыга албаган депутаттар катары, «чимкирикке» салыштырган болчу.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты