​Монголиянын Президенти Халтмаагийн Баттулга расмий сапар менен келди

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 12-июнда, Монголиянын Президенти Халтмаагийн Баттулга расмий сапар менен Кыргызстанга келди.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык кызматы кабарлады.

«Манас» аэропортунда Монголиянын Президентин Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.

Расмий сапарынын алкагында Халтмаагийн Президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушат.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча бир катар эки жактуу документтерге кол коюу күтүлүүдө.

Монголиянын Президенти ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Монголиянын Президентинин Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен эки тараптуу жолугушуулары күтүлүүдө.

Монголиянын Президентинин катышуусунда Кыргыз Республикасындагы Монголиянын элчилигинин ачылышы өтөт.

Халтмаагийн Баттулга расмий сапарынын алкагында комплекс «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине бармакчы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты