​Казакстанда эки күндүн ичинде 700 киши кармалды

  • 5 лет мурун

Казакстандын ички иштер министринин орун басары Марат Кожаев 9-июнда Нур-Султанда кармалган адамдардын «200гө жакыны» Акмоло жана Караганда облустарына жеткирилгенин билдирди.

Анын айтымында, мындай чара «кармалгандардын баарынын бир жерге топтолуп калышына жол бербөө максатында» көрүлдү.

«Алардын бир бөлүгү административдик жоопкерчиликке тартылып, айыппул төлөөгө милдеттендирилди. Калгандары камакка алынды», — деди Кожаев.

10-июнда кармалган айрым адамдар аларды дагы шаардын сыртына чыгарып баратышканын билдиришкен

Өлкөнүн Ички иштер министрлиги бул күнү Алматы жана Нур-Султан шаарларында нааразылык акциясына чыккан «200гө жакын» киши кармалып, 150сү административдик жоопкерчиликке тартылганын билдирди.

«9-майда эки шаарда 500 киши кармалып, алардын 400үнө айып салынды. 10-июнда 200гө жакын адам кармалып, 150гө жакыны администравтидик жоопкерчиликке тартылды», — деди ИИМдин рамий өкүлү Нурдилда Ораз.

Казакстанда 9-июнда өткөн кезексиз президенттик шайлоо нааразылык акциялар жана жүздөгөн адамдардын кармалышы менен коштолду. Алматы жана Нур-Султан шаарларында 10-июнда дагы адамдар кармалды. Укук коргоочулар менен күбөлөр полиция кармалган жарандарга карата катаал мамиле кылып жатышканын билдиришүүдө.

Бир күн мурун жаңы шайланган президент Касым-Жомарт Токаев полицияны мактап, нааразылык акциялардын катышуучуларын кармоо «зарыл экенин» белгилеген.

Сүрөт:Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты