Түркиянын ТИКА долбоору КР Конституциялык палатанын сот залын жана китепкананы оңдоп- түзөөгө 96 миңден ашык доллар жумшады

  • 5 лет мурун

Жогорку сотко караштуу Конституциялык палатанын сот залы жана китепканасынын оңдоп-түзөө долбоору Түркиянын Маданият жана туризм министрлигине караштуу Түрк кызматташтык жана коордианциялоо башкармалыгынын (ТИКА) Бишкектеги өкүлчүлүгү тарабынан ишке ашырылып, бүгүн, 11-июнда, салатанттуу азем менен ачылды.

96 миң 582 АКШ доллары коротулган долбоордун ачылышына КР президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев, Жогорку Сот төрайымы Гүлбара Калиева, Конституциялык палатанын төрагасы Эркинбек Мамыров жана КР Юстиция Министри Марат Жаманкулов баштаган Конституциялык палатанын соттору жана кызматкерлери катышты.

Аземде Досалы Эсеналиев, Эркинбек Мамыров жана ТИКАнын Бишкектеги Координатору Али Муслу сөз сүйлөдү.

Аталган долбоор Түркия жана Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыктын жаңы багытын чагылдырат жана кызматташтыктын көп тармактуу өнүктүрүлүшү максатталууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты