​Экс- баш прокурор Аида Салянованын жактоочулары Президентке кайрылуу жолдошту

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча камалган экс-баш прокурор Аида Салянованын жактоочусу Рабига Сыдыкова жана экс-депутат Асия Сасыкбаева бүгүн, 11-июнда, маалымат жыйынын өткөрүштү. Алар Аида Салянованын күнөөсү жок экенине далил келтиришип, мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдошту.

Алар кайрылууда коррупция мамлекеттүүлүккө шек келтирип жаткандыгын билдиришти.

Айрым учурда Аида Саляновага окшогон күнөөсүз адамдар кармалып жана жапа чегип жаткандыгы белгиленди.

Ал ыйык күндөрдүн бири айт майрамы учурунда кармалды.

5-июнда Саляновага Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси боюнча шектелип жаткандыгы тууралуу билдирилген.

Ошол эле күнү Биринчи май райондук соту анын кармалышын мыйзамдуу деп тапкан.

Сотко чейинки өндүрүштө Аида Салянованы 26-июнга чейин Жаза аткаруу кызматынын №21 мекемесинде камакта кармоо чечими чыккан.

«Бул чечим мыйзамсыз» деди анын жактоочусу Рабига Сыдыкова

  • Салянова жогорку кызматтагы адамдар менен келишип алып, Азиз Батукаевдин бошотулушуна шарт түзгөн деп жатышат.

Аида Салянованы оор кылмышка шектүү катары кароо бир гана атайын прокурор Майрамбек Акматалиевдин көрсөтмөсү менен болгон, ал 48 саатка камалып, андан кийин үй камагына чыгыш үчүн ушундай көрсөтмө берген.

  • Сот Субанкулов Аида Салянованын үй-бүлөлүк жагдайына караган эмес. Анын үч баласы бар, кенжеси төрт жашка чыга элек.
  • Ошондой эле анын иниси Уланды өлтүрүп кеткен фактыда жабырлануучу болуп эсептелет.
  • Салянованын апасы уулун жоготту, эми кызын турмөдө кармашып, ден соолугуна залакасы тийип жатат.
  • Салянованын сот жоопкерчилигинен качып кетүү ниети жок.

Кайсы жогорку кызматтагылар экенин аныктабай туруп, мындай жүйөө келтирүү мыйзамсыз болуп эсептелет.

Акматалиевдин көрсөтмөсу жалган жана далили жок.

Биринчи май райондук соту Салянова тууралуу чечимди акыйкатсыз чыгарган. Сот анын ден соолугун, жеке жагдайларын, ал тууралуу жакшы мүнөздөмөнү караган эмес. Салянованын жүрөгү оорулуу.

Мына ушул жагдайлар тууралуу Президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу кат жолдонуп, жактоочулар сотторду акыйкат жана калыс болууга чакырды.

Батукаевдин бошотулушу боюнча дарыгер Эмил Макимбетов, лаборант Ирина Цопова, дагы үч медицина кызматкери кармалган. Алардын экөө үй камагына чыгарылды.

Мындан тышкары мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева да шектүү катары кармалып, 22-майда үй камагына бошотулган.

Зарылбек Рысалиевдин кеңешчиси Калыбек Качкыналиев камакка алынган. Ошондой эле экс вице-премьер Шамил Атаханов камалып кийинчерээк үй камагына чыгарылган.

Нарындын экс-соту Ж.А. нын жоопкерчилиги карала баштаган. Мурдагы прокурор Майрамбек Акматалиев кармалып, үй камагына чыгарылган..

Сүрөт: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты