​Экс-мэрлер Кулматов менен Ибраимовдун соту уланууда

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 11-июнда, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун соту уланып жатат.

Сот башталганда адвокаттардын биринин жок болгондугуна байланыштуу жарым саат тыныгуу жарыяланды.

Тыныгуу учурунда сот залын тартам деген «Апрель» телеканалынын журналисттерин кууп чыккандыгын журналисттер билдиришти.

Адвокаттар дагы эле сот ишин бөлүп кароону суранып жатышат.

Кубанычбек Кулматов Калыс-Ордодогу мектепти курууда 2 миллион долларды пайдаланууда коррупцияга жол бергендиги боюнча айыпталууда.

Албек Ибраимов «Дастандын» жетекчиси кезинде 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү «Солнечный берег» пансионатын сатууда 152 миллион сомдук зыян келтирген жана жер бөлүүгө тиешеси бар деп айыпталууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты