Чет элдик жарандарды тоноого шектүүлөр кармалды

ИИМдин Криминалдык милиция кызматы Бишкек шаарынын, Свердлов жана Ысык-Ата райондук ИИБ кызматкерлери менен бирдикте чет өлкөлүк жарандарды карактаган топту кармады.

Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы билдирди.

Алар 2019-жылдын май айынан баштап Бишкек жана Чүй облусунун аймагында Пакистандын жана Индиянын жарандарын карактап келишкен фактылар катталган.

1-майда Бишкек шаарынын Чүй проспектисинде жайгашкан үйгө кирип барышкан. Кылмышкерлер ушул үйдө жашаган Пакистандын жараны, 1999-жылы туулган К.С. аттууга карата күч колдонуп, анын 1 600 АКШ долларын жана жеке буюмдарын ээлеп алышып, изин жашырып качып кетишкен.

20-майда Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан батирге кирип келишип, Индиядан келген студенттер коркутуп, 40 мин сомун алып кетишкен. Кол салгандардын бирөөсүндө бычак болгон.

Кылмышкерлер акчадан сырткары, 2 ноутбук жана 6 уюлдук телефонун тартып алышкан.

29-майда беш киши Пакистандын жарандары жашаган Абдрахманов көчөсүндөгү батирге кирип келишкен.

Кол салгандар күч колдонушуп, 250 АКШ долларын, 6 уюлдук телефон жана 2 ноутбукту тартып алышкан.

2-июнда Индиянын жарандарына каракчылык жасалган. Белгисиз беш адам Үмөталиев көчөсүндө жайгашкан батирге кирип келишип, Индиянын жараны, 2000-жылы туулган К.А. ны жаралап, 9 000 сомун, төрт баалуу уюлдук телефонун, принтерин тартып алышып, качып кетишкен.

3-июнда Бишкекте өзгөчө мыкаачылык менен кол салышкан. Беш белгисиз киши тапанча жана бычак алып, БишкектЕ. Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан үйгө кирип барышкан.

Кылмышкерлер Пакистандын беш студентин жарадар кылып, 1 500 АКШ долларын, андан сырткары бир нече уюлдук телефондорун алышкан.

8-июнда Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кант шаарында спорттук кийимчен, медициналык бе капчан чымыр денелүү белгисиз төрт киши бычак алып, Пакистандын жарандары жашаган батирге кирип барышкан.

Аларды жарадар кылып, 2 700 долларын жана эки уюлдук телефонун тартып алышкан.

Аталган кылмыш фактылары ИИМ бөлүмдөрүндө Кылмыш жана жоруктардын реестринде ар бири катталган.

Кылмыштуу топтун мүчөлөрүнун арасында мурда соттолгондор бавр жана бир нече ай мурда жаза мөөнөтүн өтөө жайынан бошотулушкан.

Алар эшик кагып, өздөрүн сантехник же коңшусу катары тааныштырышып, андан соң аларды уруп-сабап, байлап, акча жана уюлдук телефондорун тартып алышкан.

Кылмыштуу топту кармоо боюнча операция ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам тобу тарабынан 9-июнда Ысык-Көл облусунун Бостери айылынын аймагында жүргүзүлгөн.

Тонолгон акчаларга алар эс алууну чечишкен, бирок кылмыштуу ойлору ишке ашкан жок.
Жогорудагы кылмыш иштерин жасоого шектелип кылмыштуу топтун төмөнкү мүчөлөрү кармалды:
— Ош облусунун тургуну, 1994-жылы туулган Х.Д. аттуу жаран, мурда Кылмыш-жаза кодексинин 64-беренеси (уурулук) боюнча соттолгон;
— Бишкек шаарынын тургуну, 1988-жылы туулган З.Д. аттуу жаран, Кылмыш-жаза кодексинин 64-беренеси (уурулук) боюнча соттолгон;
— Нарын облусунун Жумгал районунун тургуну, 1996-жылы туулган А.у.А. аттуу жаран, мурда уурулук боюнча соттолгон;
— Чүй облусунун тургуну (кыз киши), 1994-жылы туулган Т.К. аттуу жаран, Бишкек шаарында жашап жүргөн, мурда бейбаштык боюнча соттолгон.
Жогорудагы кылмыш иштерине тиешеси бар башка жарандарды дагы кармоо боюнча иш-чаралар жүрүп жаткандыгы маалымдалды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты