Болжолдуу жыйынтыкта Касым-Жомарт Токаев жеңип чыкты

  • 5 лет мурун

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун болжолдуу жыйынтыгын чыгарып, анда Касым-Жомарт Токаев жеңип чыккандыгын жарыя кылды.

Бул тууралуу Tengrinews.kz сайты билдирди.

Болжолдуу маалыматтар боюнча Касым-Жомарт Токаев 70,65 пайыз добушка ээ болду. Бул 6 млн 504 мин 54 добуш болуп эсептелет.

Оппозиция талапкери Амиржан Косанов 16,02 % менен экинчи орунду ээледи, “Ак жол” демократиялык партиясынан Дания Еспаева — 5,2 добушка ээ болду

Шайлоого шайлоочулардын 77,4 пайызы катышты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты