​Клара Сооронкулова: «Атамбаев эки жүздүүлүктүн планын толтуруп бүттү»

8-июнда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусундагы КСДП партиясынын «Коррупцияга каршы реалдуу күрөш» аталышындагы митинги өттү. Анда Атамбаев учурдагы камоолорду адилетсиз деп, президенттен чечкиндүү кадамдарды талап кылды.

Ал талаптар аткарылбаса, кийинки митингде Президенттин отставкасын талап кылышаарын айтты. Жогорку соттун конституциялык палатасынын мурдагы соту, коомдук ишмер Клара Сооронкулова Атамбаев элдин камын эмес, жеке кызыкчылыгынын камын көздөп, митинг уюштуруп жатат деген оюн билдирди.

— Атамбаев өзү 6 жыл Кыргызстанды башкарды да, эми «Коррупцияга каршы реалдуу күрөш» деп митинг өткөрүүгө моралдык укугу бар беле?

— Атамбаевде мораль деген түшүнүк жок. Ал моралдык укук түшүнүгүн билбеген киши. Жеке кызыкчылыгы үчүн, таасирин сактап калуу үчүн ушунун баарын жасап жатат. Ал бийлигин сактап калгысы келгени көрүнүп турбайбы. Бийликке кайра келүүнү көздөп жатат. Жасалып жаткан аракеттердин баары ошол үчүн да.

Айткандарын «Момун бирөөнү алып келип, Сапар Исаков аркылуу башкарайын дегем» деп түшүндүм. Ошондой эле мааниде айтты. Атамбаев бийликти гана көздөгөн киши, элдин камын ойлогон эмес. Ошондуктан, учурдагы бийлик реформаларды жасоосу керек. Ошондо гана эл ага ишенет. Болбосо, Атамбаевдин айткандарына ишенип, аны ээрчип кетиши мүмкүн. Анын үстүнө азыркы оппозиция дагы биригип, бир багытта иш алып бара албай жатышат. Эгерде азыркы бийлик ушундай эле темп менен кете берсе, элдин кыжыры күчөй берет.

— «Экс-баш прокурор Аида Салянованын күнөөсү жок. Ал акча алмак эмес, акчаны жолдошу табат» деп айтты. Бирок кезинде Атамбаев бийликте турган учурда да Аида Саляновага дагы, анын жолдошуна дагы кылмыш иштери козголбоду беле?

— Аида Салянова боюнча айткандарына баа берсек, Атамбаев эки жуздүүлүктүн планын толтуруп бүттү. Ал үчүн элдин ою, орду деле жок, жалгыз гана жеке кызыкчылыгын көздөгөн киши экенин көрсөтпөдүбү. Ал элди эл катары көргөн эмес. Сүйлөгөн сөзүндө деле айтпадыбы «Жээнбековду мен шайлагам, мен бийликке алып келгем» деп.

Ырысбү Кылычбек кызы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты