​Казакстан: Касым-Жомарт Токаев 70 пайыз добуш менен алдыга чыкты

  • 5 лет мурун

Казакстандагы “Коомдук пикир” институту жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, “бийликтин талапкери” КасымЖомарт Токаев добуштардын 70,13% алды.

Бул тууралуу бул уюмдун башчысы Айнур Мажитова Нур-Султан шаарында өткөн жыйында билдирди.

«Улут тагдыры» кыймылынын өкүлү, оппозициянын талапкери Амиржан Косанов 15,39% добуш экинчи орунда. Жалгыз аял талапкер, «Ак жол» партиясынан көрсөтүлгөн Дания Еспаевага шайлоочулардын 5,32% добуштарын беришкен.

Байкоочулар 30 жыл өлкөнү башкарган Нурсултан Назарбаев катышпаган биринчи шайлоодо жети талапкердин ичинен Касым-Жомарт Токаев жеңип чыгаарын боолголоп жатышкан.

Жекшембиде Нур-Султан, Алматы жана Чымкент шаарларында президенттик шайлоону бойкоттоого чакырган жүздөгөн адамдар кармалды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты