Митингдин катышуучулары бийликке талаптарды койду

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 8-июнда, «Коррупцияга каршы чыныгы күрөш үчүн» митингдин катышуучулары резолюция кабыл алышты.

Анда алар бийликке мындай талап коюшту:

1. Президент Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөшүп жаткандай түр көрсөтүү практикасын токтотуп, укук коргоо органдарын укуктук талаага кайтаруу, президенттин чөйрөсүндөгү адамдар тарабынан сотторго жана укук коргоо органдарына кысым көрсөтүү, коопсуздук чөйрөсүн криминалдашуудан арылтуу боюнча иштиктүү чараларды көрүүгө тийиш.

2. Президент Сооронбай Жээнбековдун режимине жакпаган саясатчыларды жана коомдук ишмерлерди саясый куугунтукка алууну токтотууга тийиш. Саясый туткундар бошотулууга тийиш.

3. Өлкөнүн мамлекеттик органдары Конституцияны урматтоого жана өнөкөткө айланган Кыргызстандын бүткүл аймагында жарандардын тынч чогулуштарга болгон конституциялык укуктарын чектөө практикасын токтотууга тийиш.

4. Президент Сооронбай Жээнбеков жана башка мамлекеттик органдар Кыргызстандын элин бузуп-жарууну токтотуп, күч-аракеттерин түздөн түз конституциялык милдеттерин аткарууга багыттоосу керек. Элдин ынтымагын бекемдөө, өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, реалдуу инвестицияларды тартуу, жарандардын жыргалчылыгын жогорулатуу маселелери менен алектенүүгө тийиш.

5. УКМК жана ИИМ саясый аңдуулар менен алектенгенди токтотууга тийиш. Коррупцияга каршы кызматты УКМКнын курамынан чыгаруу зарылдыгы бышып жетилди.

Атайын кызматтардын күч –аракети алардын түздөн түз милдеттерине: контрчалгындоого, террорчулук жана экстремизм менен күрөшүүгө багытталууга тийиш.

Ал эми ички иштер органдары коомдук тартипти камсыз кылуу жаатындагы өзүлөрүнүн түздөн түз милдеттерин аткаруу менен алектенүүсү керек.

Эгерде жакынкы айларда өлкө президенти жана анын айлана чөйрөсү Кыргызстандын элинин жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тагдыры үчүн коркунучтуу саясый оюндарды токтотпосо, биз Сооронбай Жээнбековду мөөнөтүнөн мурда отставкага кетирүү жана мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү жөнүндө маселе коюуга аргасызбыз.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты